Ырчы Алтынбек Каленов 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты 
Маданият министрлиги
20 июль

Ырчы Алтынбек Каленов 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты 

Кыргыз улуттук «Манас» театрынын дастанчысы, белгилүү ырчы Алтынбек Каленовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Алтынбек Каленов Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында төрөлгөн. Бала кезинен эле ыр-күүгө болгон өзгөчө шыгы менен айырмаланып, тоо жаңырта ырдап өскөн. Кийин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында билим алып, Кыргыз Республикасынын эл артисти Улукмырза Полотовдон чыгармачылыктын сырларын өздөштүргөн.

Эмгек жолун 2008-жылы «Эл ырчысы Эстебес» чыгармачылык тобунда баштап, кийин өз алдынча чыгармачылык жолун ийгиликтүү уланткан. Кыргыз эстрадасында жана элдик ыр өнөрүндө өзүнүн кайталангыс үнү, аткаруучулук чеберчилиги менен кеңири таанылып, көрүүчүлөрдүн терең урматына ээ болгон.

Акыркы жылдары Кыргыз улуттук «Манас» театрында дастанчы болуп эмгектенип, кыргыз элинин бай оозеки мурасын, эпикалык өнөрүн жайылтууга жана жаш муунга жеткирүүгө зор салым кошту.

Маркум менен коштошуу жана жаназа зыйнаты 2026-жылдын 21-июль күнү саат 10:00дө Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында өтөт.