Ош шаарында акын Алишер Навоинин эстелиги тургузулду
12 декабрь

Ош шаарында акын Алишер Навоинин эстелиги тургузулду

Бүгүн Ош шаарында акын Алишер Навоинин эстелиги орнотулуп, ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун акими Шухрат Абдурахманов баштаган делегация, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышты.

Эстелик Курманжан датка жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине тургузулду.

Айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, иретке келтирилди. Жасалган иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Аны менен бирге А.Навои көчөсү (Г.Айтиев көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейин) реконструкцияланып, толугу менен пайдаланууга берилди. Жолдун узундугу 2,8 чакырым, кеңдиги 25-26 метр, 6 тилкелүү.

Ош шаарында Алишер Навои атындагы эс алуу багы, мектеп жана көчө бар. Бүгүн эстеликтин ачылышы да эки элдин достугун, боордоштугун даңазалап, маданиятка болгон урматты айгинелейт.