Ошто кыргыз-өзбек маданий кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган жолугушуу өттү
12 декабрь

Ошто кыргыз-өзбек маданий кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган жолугушуу өттү

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен биргеликте 12-декабрда Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жетектеген делегация менен жолукту.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, жолугушуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ош шаарындагы имаратында болду.

Кенжебаев меймандарды жылуу тосуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын белгиледи. Өзбекстан делегациясынын Алишер Навоинин айкели жана анын ысымын алган проспекттин ачылыш аземине катышуусун ал «эки элдин тарыхый жана маданий бир туугандыгына көрсөтүлгөн терең урмат» катары баалады.

Өкүлдүн айтымында, Алишер Навоинин руханий мурасы кыргыз жана өзбек элдерин жакындаткан ортук баалуулук болуп саналат. Ош шаарындагы айкелдин ачылышы маданий кызматташуунун дагы бир маанилүү символу катары көрсөтүлдү.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнү байланыштырып турган негизги багыттарды талкуулашты. Соода-экономикалык алакалардын динамикалуу өсүп жатканы белгиленип, соңку жылдардагы бир катар маанилүү жетишкендиктер эске алынды.

Алардын катарына чек ара маселелеринин толук чечилиши, айрым өткөрмө пункттарынын күн-түн иштөө режимине өтүшү, ID-карта боюнча визасыз тартиптин киргизилиши, Ош облусунда «Кара-Багыш» (2023-ж.) жана «Кара-Суу» (2024-ж.) жөө өткөрмө пункттарынын кайра ачылышы кирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан бүгүнкү күндө Ош облусунун эң ири тышкы соода өнөктөшү бойдон калууда.

Жолугушуу соңунда тараптар кызматташууну тереңдетүүгө, маданий жактан биргелешип иштөөгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.