VI ДКОнун айрым иш-чаралары акы төлөнүүчү болот, билеттердин баасы 1000 сомдон башталат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чаралары акы төлөнүүчү болот. Билеттердин баасы 1 миң сомдон башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, билеттер «Рух Ордо» маданий борборунда жана Бостери айылында өтүүчү иш-чараларга, ошондой эле «Дордой Номад» комплексиндеги Nomad Fest фестивалына кирүү үчүн талап кылынат.
Ошондой эле ипподромдогу кечки концерттер, көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык мелдештер акы төлөнүүчү болот.
Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине билеттер өзүнчө сатылат. Мамбеталиевдин маалыматына караганда, алардын баасы 1 миңден 5 миң сомго чейин болот.
Ал эми Кырчын жайлоосундагы иш-чараларга кирүү акысыз бойдон калат.
Кырчынга жеке унаалар менен барууга чектөө коюлат. Коноктор үчүн атайын кайтарылган унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, унааларды ошол жерге калтырууга болот.
Унаа токтотуучу жайлардан Кырчынга чейин жана кайра акысыз шаттл-бустар каттайт.
