президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
3 март
Мамлекеттик тууга 34 жыл. Жалал-Абадда салтанаттуу иш-чара өттү
Манас шаарындагы Аюб тоо боорунда жайгашкан стеллада бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жаштар катышты.
Салтанатта облус башчысы катышуучуларды майрам менен куттуктап, Мамлекеттик туу эгемендүүлүктүн жана мамлекеттүүлүктүн башкы символдорунун бири экенин белгиледи.
Ошондой эле ал жаштарды билимдүү, кесипкөй жана мекенчил болууга чакырып, өлкөнүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошууга үндөдү.
Иш-чарада Мамлекеттик туу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.
