Кыргыз делегациясы Шираз шаарында өткөн Фажр эл аралык кинофестивалына катышты
12 декабрь

Кыргыз делегациясы Шираз шаарында өткөн Фажр эл аралык кинофестивалына катышты

КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Нургүл Молдошева жетектеген кыргыз делегациясы 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Шираз шаарында өткөн Фажр эл аралык кинофестивалына катышты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Фестивалдын алкагында Ирандын Кинематография уюмунун өкүлү Мохаммед Таййеб менен эки тараптуу жолугушуу уюштурулуп, анда 2024-жылы кол коюлган эки өлкөнүн кино мекемелеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандумунун негизинде биргелешкен продюсерлик, анимация жана фильмдерди жайылтуу багытындагы мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Мындан тышкары, Ирандын маданият жана ислам багыты министри Сейед Аббас Салехи төрагалык кылган кинематография тармагындагы кызматташуу боюнча эл аралык форум өттү. Ага министрлер, маданият министрлеринин орун басарлары жана 20 мамлекеттин кино мекемелеринин жетекчилери катышты.

Фажр эл аралык кинофестивалынын жабылуу аземи Хонар Шахр Афтаб кинотеатрында болуп өттү. Фестивалдын уюштуруучуларынын маалыматына ылайык, быйыл төрт номинация боюнча жалпысынан 46 тасма сунушталган. Алар: «Эл аралык сынак», «Чыгыш көз карашы» (Азия өлкөлөрүнүн тасмалары), «Келечектин кадры» жана «Сынган зайтун бутагы».

Жеңүүчүлөр тууралуу маалыматты фестивалдын расмий www.fajriff.com сайтынан табууга болот.

Кыргызстандык режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин «Качкын» тасмасы фестивалдын сынактык программасына киргизилген.