Улуттук филармонияда “Сүймөнкул” мюзикли тартууланат
Жаратканым сүйгөн кул, Жаркып көктөн тийген нур.
Калпак түшпөй башынан, Кыргыз өңү – Сүймөнкул.
Кымбаттуу көрүүчүлөр!
Сиздерди руханий азык тартуулаган унутулгус кечеге чакырабыз!
12–13–14–15–16–17-февраль күндөрү
Улуттук филармониянын чоң сахнасында, кайталангыс таланттын урматына арналган, Акбар Кубанычбековдун калемине таандык “Сүймөнкул” улуттук мюзикли көрүүчүлөргө тартууланат!
Башталышы: 18:30
Билеттер: филармониянын кассасында жана кассир.кг сайтында сатылууда.
Билет баалары: 1000 сомдон башталат.
