Вокалдык-аспаптык ансамблдер үчүн музыкалык аспаптарды тапшруу аземи өттү
19 февраль

Вокалдык-аспаптык ансамблдер үчүн музыкалык аспаптарды тапшруу аземи өттү

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 12 айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн коллегиясынын алкагында маданият жана искусство багытындагы билим берүү мекемелерине вокалдык-аспаптык ансамблдер (ВАА) үчүн музыкалык аспаптарды расмий тапшыруу аземи болуп өттү.

Вокалдык-аспаптык ансамблдерди түзүү долбоору 2025-жылдын июнь айынан тарта ишке ашырылып келет. Анын негизги максаты – жаш музыканттарды колдоо, өлкөдөгү музыкалык маданиятты өнүктүрүү жана билим берүү мекемелеринин чыгармачылык потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында республика боюнча 21 билим берүү мекемеси тандалып алынып, алар үчүн жогорку сапаттагы заманбап музыкалык жабдуулар сатып алынды. Бардык аспаптар тиешелүү техникалык текшерүүдөн өткөрүлүп, пайдаланууга толук даяр абалда тапшырылды.

Президенттин колдоосу менен алынган музыкалык жабдуулардын курамына төмөнкүлөр кирет:

– 4 кылдуу бас-гитара Yamaha TRBX304GM – 21 даана;

– электр гитара үчүн процессор GP-200 LT – 21 даана;

– санарип пианино Yamaha DGX-670B – 21 даана;

– бас-гитара үчүн комбо-күчөткүч Ampeg RB-108 – 21 даана;

– акустикалык колонка Yamaha DBR15 – 42 даана (21 жуп);

– электр гитара Yamaha Pacifica 212VFM CB – 21 даана;

– электро-акустикалык гитара Yamaha DGX800C SBS – 21 даана;

– моделдөөчү гитара комбо-күчөткүч Line 6 Catalyst 100 – 21 даана;

– микшер пульту Yamaha MG16XU – 21 даана;

– сахналык монитор Yamaha DBR12 – 42 даана (21 жуп).

Бул демилге жаш таланттар үчүн заманбап чыгармачылык шарттарды түзүүгө, ансамблдик аткаруучулукту өнүктүрүүгө, ошондой эле улуттук эстрадалык-аспаптык өнөрдү жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.