Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 90 жылдык мааракесин белгиледи
12 декабрь

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 90 жылдык мааракесин белгиледи

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 11-декабрда жылдык мааракесин белгиледи. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чарага көркөм өнөр жана интеллигенция өкүлдөрү катышып, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев, музейдин мурдагы директору Мира Жангарачева куттук сөз сүйлөштү.

Министр өз сөзүндө министрлик музейдин чыгармачылык потенциалын, илимий ишин жана коомчулук менен байланышын мындан ары да колдоого, жаңы технологиялар, санариптик архивдер, көргөзмөлөр аркылуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгилеп, музейдин алтын фондунда кыргыз көркөм сүрөт искусствосунун классиктери Семён Чуйковдун, Гапар Айтиевдин, Сабырбек Акылбековдун, Лидия Ильинанын, Андрей Михалевдин, Ласло Месароштун, Тургунбай Садыковдун, Джумабай Үмөтөвдун, Теодер Герцендин чыгармалары бар экенине сыймыктанарын билдирди.

Расмий бөлүктөн соң келген коноктор Г. Айтиев атындагы КНМИИнин 90 жылдыгына атайын жазылган музыкалык композициялардын бет ачары, «Уя» колдонмо искусство көргөзмөсү (кураторлор: Аймира Эсеналиева жана Чолпон Осмоналиева-Демут), «Музеале-90» аттуу архивдик көргөзмөсү (кураторлор: Алима Токмергенова, Эмил кызы Мээрим), сүрөтчү Абай Насирдиндин жеке көргөзмөсү жана «Хан-Базар» кол өнөрчүлөр жарманкеси менен таанышышты.


Маалымат үчүн: Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи – Кыргызстандагы улуттук көркөм мурастын негизги сактоочусу жана искусствонун өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан алдыңкы маданий мекеме. 90 жыл аралыгында музей өлкөнүн көркөм искусствосунун тарыхын, жүздөгөн авторлордун эмгегин жана уникалдуу экспонаттарды муундан-муунга таанытып келет.