Каракол шаарындагы тарыхый музей оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө
Курулуш министрлиги
15 июнь

Каракол шаарындагы тарыхый музей оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Каракол шаарындагы тарыхый музейде толук реконструкция иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Каракол шаарынан кабарлашты. 

Курулуштун жүрүшүнөн министр Нурдан Орунтаев кабар алды.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт.

Реконструкциялык иштерди Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарууда. Учурда объектте демонтаж иштери толугу менен аяктап, негизги оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, тарыхый-архитектуралык мурастын сакталышын камсыз кылуу, реставрация иштерин жогорку деңгээлде аткаруу жана бардык иштерди графикке ылайык өз убагында бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле музейди заманбап маданий жана туристтик борбор катары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Башкы планга ылайык, музей комплекси жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн үч корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ички жасалгаларын жаңылоо, архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана инженердик тармактарды толук модернизациялоо каралган.

Азыркы тапта объекттин айланасын тосмо менен тосуу иштери жүргүзүлүүдө, ошондой эле тазалоочу курулмалар орнотулду.

Долбоор аймактык инфраструктураны жакшыртууга, тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.