"Семетей" спектакли Кореянын Кванджу шаарында коюлду
Ушул жылдын 28-сентябрында Корея улуттук Азия маданият борборунун базасында корея-кыргыз чыгармачылык тобу тарабынан заманбап негизде даярдалган эки тилдеги “Семетей” спектакли көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Спектаклди көрүүгө Министрдин биринчи орун басары С. Надырбеков, Кванджу шаарынын чыгармачылык интеллегенциясы, театр сүйүүчүлөрү катышты.
Спектаклден соң С. Надырбеков Кванджу шаарында билим алып жүргөн студенттери менен пикир алышты.
Аталган спектакль 11-12-декабрь күндөрү Бишкек шаарында коюлат.
