Бишкекте “Музейлер түнү” акциясы өтүүдө
18 май

Бишкекте “Музейлер түнү” акциясы өтүүдө

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 17-майда Эл аралык музейлер күнүнө арналган жана салтка айланган “Музейлер түнү” маданий иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Музейлер түнү — маданият менен искусствону кеңири жайылтууга багытталган масштабдуу ачык иш-чара.

Саат 20:00дөн таңкы 03:00гө чейин музей борбор калаанын чыгармачыл жана руханий борборуна айланып, келген конокторду сүрөт өнөрү, кол өнөрчүлүк, заманбап искусство жана музыка дүйнөсүнө жетеледи.

Программа алкагында төмөнкүдөй кызыктуу бөлүктөр уюштурулду:

  • Кийиз, акварель, сайма жана чопо өнөрү боюнча мастер-класстар, арт-терапия сабактары;
  • Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн интерактивдүү инсталляциялары;
  • Kөчмө тамак-аш бурчтары;
  • “Музейдеги музей 9.0” аттуу мультимедиялык көргөзмө;
  • Сүрөтчү Умар Раджабов менен Алмаз Шаршекеевдин “Тандем” аттуу автордук долбоору;
  • Музыкалык жандуу аткаруулар — комуз, ханг, диджериду, синтезаторлор катышкан эксперименталдык музыкалык перформанстар;
  • Сүрөт боюнча квиз.

Музей түнүнүн өзгөчө кооз учуру катары Венгриядан келген сүрөтчүлөрдүн сайма боюнча мастер-классы жана көргөзмөсү, ошондой эле Tangokana танго коомчулугунун перформанстары көрүүчүлөрдүн кызыгуусуна арзыды.