Бишкекте балдар үчүн цирктик көрсөтүү өттү
Бишкектеги А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде бүгүн, 29-майда Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында балдар үчүн цирктик көрсөтүү өттү.
Бишкек шаарынын кичинекей тургундарын келе жаткан майрамы менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктады.
Иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, 17 коомдук уюмдун жана реабилитациялык борборлордун (РЦ «Оберег», «АРДИ», «Рука в руке », Балдарды коргоо борбору, КОС жана КОГ) тарбиялануучулары, 3 көмөчү мектептин окуучулары, 12 адистештирилген бала бакчанын тарбиялануучулары, Чернобыль кырсыгына катышкан жарандардын жана интернационалист-жоокерлердин үй-бүлөлөрүнүн балдары катышты.
Кичинекей шаардыктарга цирк артистеринин оюн-зооктору көрсөтүлүп, таттуу белектер таратылды.
Учурда Бишкек шаарынын мэриясы балдардын социалдык абалын жакшыртуу, физикалык, моралдык, психологиялык жана маданий жактан өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Маалымат үчүн: Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 1-майына карата оор жашоо шартында жашаган 6980 бала каттоодо турат, алардын ичинен 18 жашка чейинки 5615 бала майыптыгы барлар.
