«Шериктештик балдары» форумунун катышуучуларына Кыргызстандын тарыхы жана каада-салттары тууралуу маалымат берилди
14 июль

«Шериктештик балдары» форумунун катышуучуларына Кыргызстандын тарыхы жана каада-салттары тууралуу маалымат берилди

Беларусь мамлекетинде өтүп жаткан «Шериктештик балдары» X Эл аралык маданий-билим берүү форумунун алкагында Кыргызстандан барган окуучулар Шериктештиктин башка өлкөлөрүнөн келген балдарды өлкөнүн тарыхы, «Манас» эпосу, композитор Атай Огонбаевдин музыкасы жана улуттук бий өнөрү менен тааныштырышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси менен түзүлгөн форумдун алгачкы иш-чарасы 2013-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн. Бул жылы ага Кыргызстандын атынан ар кандай эл аралык олимпиадаларда, конкурстарда жана фестивалдарда жеңүүчү болгон 10 окуучу катышууда. 

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлүк, бий боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, экологияны сактоо жана коргоо тууралуу маалымат берилген интерактивдүү аянтчалар уюштурулган.

7-июлда башталган «Шериктештик балдары» X форуму 16-июлга чейин уланат. Быйыл ал «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Муундардын эси жана биримдиги» деген темага арналган. Ага Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын окуучулары катышууда. Өз кезегинде КМШ өлкөлөрүнүн парламент башчылары да форумдун катышуучуларына куттуктоолорун жолдошту.