ICHCAP жана ЮНЕСКО өкүлдөрү Көчмөн цивилизация борбору менен кызматташууну бекемдеди
30 ноябрь

ICHCAP жана ЮНЕСКО өкүлдөрү Көчмөн цивилизация борбору менен кызматташууну бекемдеди

Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда ICHCAP жана ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Визит салттуу кол өнөрчүлүк борборун түзүү жана көчмөн маданиятынын материалдык эмес мурасын сактоо боюнча биргелешкен долбоордун жүрүшү менен таанышууга арналды.

Коноктор аткарылган иштердин жыйынтыктары жана борбордун алдыдагы пландары менен таанышып, салттуу билимдерди өнүктүрүү боюнча демилгелерге жогору баа беришти.

Бул жолугушуу тараптардын өнөктөштүгүн чыңдап, музейдин улуттук мурасты сактоо багытындагы иштеринин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.