Ысык-Көл форуму. Логотип жана брендбук иштеп чыгууга сынак жарыяланат
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун 40 жылдык мааракесине карата логотипти жана брендбукту иштеп чыгуу боюнча ачык сынак жарыялайт.
Ведомстводон кабарлашкандай, байге фонду 50 миң сом.
Сынактын катышуучулары:
- жеке ишкер катары катталган,
- ишкердик жүргүзүүгө күбөлүгү жана патенти бар сүрөтчүлөр жана дизайнерлер.
Сынактын максаты – Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган, форумдун философиясын, миссиясын жана эл аралык маанисин чагылдырган оригиналдуу логотипти жана бирдиктүү визуалдык брендбукту иштеп чыгуу.
Сынактын багыты:
Логотип форумдун бийик миссиясын жана маңызын чагылдыруусу зарыл. Ысык-Көл форуму – туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн глобалдык дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жана элдердин диалогун өнүктүрүүгө багытталган, тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алууда көп полярдуулук менен тең салмактуулукту колдогон эл аралык интеллектуалдык аянтча болуп саналат.
1986-жылы улуу ойчул жана жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк интеллигенцияны Ысык-Көл жээгине чакырып, СССР менен Батыштын ортосундагы «кансыз согуштун» соңунда турган дүйнөлүк абалды талкуулоого негиз салган.
2026-жылы өтө турган форум цивилизациялык диалогду, тынчтык куруу маселелерин жана дүйнөдөгү жаңы глобалдык чакырыктарды талкуулоону улантат.
Сынакка катышуу шарттары:
Сынакка катышууга ниет билдиргендер өз арыздарын 2026-жылдын 31-январына чейин centerformuseum@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.
Ниетин билдирген сүрөтчүлөр жана дизайнерлер үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан атайын брифинг өткөрүлүп, сынактын талаптары жана техникалык тапшырма кеңири түшүндүрүлөт.
