Азербайжандык белгилүү режиссер Жейхун Дадашов мастер-класс өткөрдү
24 апрель

Азербайжандык белгилүү режиссер Жейхун Дадашов мастер-класс өткөрдү

Бүгүн, 23-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашов мастер-класс өткөрдү.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы театр оюн-зоок мекемелеринде эмгектенген актёрлор жана режиссёрлор, театр искусствосуна кызыккан жаштар, бийчилер катышты. 

Жейхун Дадашов катышуучуларга пантомима өнөрүнүн сырларын, кыймыл аркылуу эмоцияны жеткирүү ыкмаларын көрсөтүп,  практикалык көнүгүүлөрдү өткөрдү.  

Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар пантомима жанрынын өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп, Азербайжан театр маданияты менен таанышты.

Мындай маданий байланыштар эки элдин чыгармачыл диалогун бекемдеп, театр искусствосунун өнүгүшүнө жаңы дем берет. 

Белгилей кетсек, мастер-класс Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында мерчемделген.