Ош шаарында Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди
19 февраль

Ош шаарында Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди

Бүгүн, Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык драма театрында 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурлан Закиров жана башка жооптуу жетекчилер катышты.

Иш-чарада шаар мэриясы менен тыгыз кызматташып, мамлекеттик тилди колдоо жана анын өнүгүүсүнө салым кошкон мекемелер жана тармактар атайын сыйлыктар менен сыйланды.

Маданий программанын алкагында Ош шаардык жаштар театры тарабынан мамлекеттик тилди даңазалаган сахналык көрүнүш көрсөтүлдү. Иш-чара ар улуттун өкүлдөрүнүн аткаруусундагы ырлар, бийлер жана концерттик номерлер менен коштолду.

Бул иш-чара ар бир улуттун эне тилин кадырлоо жана мамлекеттик тилди жайылтуу менен анын баалуулугун урматтоо максатында уюштурулду.