Эки жаңы наам пайда болот: КР жаратманы жана сыймыгы. Аны кимдер ала алат? 
19 февраль

Эки жаңы наам пайда болот: КР жаратманы жана сыймыгы. Аны кимдер ала алат? 

Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды берүү боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоодо, депутат Гүлнара Акимбаева өз кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарган кызматкерлер унутта калып кеткенин билдирди. 

Айтымында, мыйзам долбоорунда ардак наамдар боюнча 1-категорияда 3 наам калган: Эл артисти, Эл жазуучусу жана Эл сүрөтчүсү. Ал эми 2-категорияда эмгек сиңирген деген наамдын баары алынып, Министрлер Кабинетине өткөрүлгөнү жатат. 

Ошондой эле, депутат белгилегендей, жаңы эки наам киргизилген: Кыргыз Республикасынын жаратманы жана Кыргыз Республикасынын сыймыгы. 
“Жаратман – бул технологияга жаңычылдык киргизгендер, улуттук деңгээлде новаторлук салым кошкондор экен. Ал эми КР сыймыгы – булар өзгөчө эрдиктери, жетишкендиктери менен көрүнгөн, адам өмүрүн сактаган баатырдык, эл аралык таануу алып келген спорттук жана илимий натыйжага ээ болгондор. Бирок өз кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлү менен аткарган адамдар такыр эле унутта калып баратат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын сыймыгы деген наамга бир аз кеңейтүү киргизип, социалдык-экономикалык өнүгүүгө, мамлекетти чыңдоого олуттуу салым кошкондорго да бериле тургандай кылсак”, – деп сунуштады депутат.