Кузбасста жашаган кыргызстандыктар улуттук маданиятты жайылтууга кошкон салымы үчүн сыйланышты
15-сентябрда Бишкек шаарында Россия Федерациясынын Кемерово облусунда — Кузбасста жашап, кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын жана баалуулуктарын чет өлкөдө сактоого жана жайылтууга активдүү салым кошуп келе жаткан мекендештерди сыйлоо аземи өттү.
Кыргыз маданиятын чет өлкөдө таанытууга кошкон салымы үчүн мекендештер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин төш белгиси жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
Сыйлыктарды маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков тапшырды.
Министрликтин төш белгиси менен 2018–2019-жылдардан бери Кузбасстагы кыргыз диаспорасынын ишмердүүлүгүнө активдүү катышып, мекендештердин ынтымагын бекемдөөгө, улуттук каада-салттарды сактоого жана кыргыз маданиятын жайылтууга салым кошуп келе жаткан Айсулуу Авазбековна Абдылдаева сыйланды.
Ошондой эле Айсулуу Абдылдаеванын демилгеси менен түзүлгөн «Ай-Нур» кыргыз ансамблинин мүчөлөрү министрликтин ыраазычылык каттары менен сыйланышты. Ансамбль аймакта активдүү маданий ишмердүүлүк жүргүзүп, жергиликтүү тургундарды кыргыз элинин улуттук каада-салты, музыкасы жана маданий мурасы менен тааныштырып келет.
Ыраазычылык каттар менен сыйлангандар:
- Субанбек кызы Айсезим;
- Мукаева Жибек;
- Рахманова Айжамал;
- Аманбаева Канышай;
- Аманбаева Канайым;
- Исмаилова Айбийке;
- Буташова София;
- Аманбаева Аймурек;
- Төлөгөнова Аймээрим;
- Абдыкеримова Ханбийке;
- Абдыкеримова Ханзада.
Сыйлоо аземи Кузбасста жашаган мекендештердин улуттук каада-салттарды сактоого, маданий байланыштарды бекемдөөгө жана кыргыз маданиятын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайылтууга кошкон салымына берилген баа болду.
