Актау түрк дүйнөсүн бириктирди: маданий жылдын жабылуу аземи жогорку деңгээлде өттү
Актау шаарындагы Halyk Arena комплексинде “Актау – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору 2025” жылын жыйынтыктаган салтанаттуу жабылуу концерти өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аска палы Мадаминов, Казакстан Республикасынын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Маңгыстау облусунун акими Нурдаулет Кылыбай, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген 500дөн ашуун артисттер катышты. Анын ичинде Кыргызстандын атынан «Шаттык» бий тобу, КР Эмгек сиңирген артисти Нуржигит Асанов жана комузчу Жибек Жапарова бар.
Аземдин алкагында түрк мамлекеттери өз өнөрлөрүн көрсөтүп, маданий биримдикти чагылдырган кеңири программа тартууланды. Ошондой эле “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” наамын өткөрүп берүү жана кабыл алуу расмий аземи өттү.
ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев өз сөзүндө Актаунун түрк дүйнөсүн бириктирүүдөгү ролун белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:
«Актау быйыл түрк дүйнөсүн бириктирген борбор болду. Жыл ичинде 30дан ашык ири эл аралык иш-чара ийгиликтүү өткөрүлдү. Казакстанга жана бардык өнөктөштөрүбүзгө терең ыраазычылык билдирем», – деди Раев.
Ал ошондой эле түрк элдеринин орток тарыхын, маданий мурастарын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү жалпы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.
Жабылуу концерти түрк элдеринин достугун, биримдигин жана маданияттардын өз ара байлышын даңазалаган маанилүү маданий окуя болду.
