Бишкекте масштабдуу симфониялык концерт өтөт
16 январь

Бишкекте масштабдуу симфониялык концерт өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 20-21-январыеда саат 18:30да Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын сахнасында А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр симфониялык музыка, хор өнөрү жана бий пластикасы айкалышкан ири концерттик программасын тартуулайт.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, концерттин алкагында XX кылымдын улуу композиторлорунун белгилүү чыгармалары жаңырып, анда музыка, вокал жана бий өнөрү сунушталат.

Билет баасы: 1 000 сомдон 2 000 сомго чейин.