Кыргызстан менен Корея маданий жана билим берүү багытындагы кызматташтыгын бекемдөөдө
25-28-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары С.Н. Надырбеков Корея Республикасына иш сапары менен барып, Сеул, Кванджу жана Пусан шаарларында маанилүү жолугушууларды өткөрдү:
– Кванджу шаарындагы Корея улуттук Азия маданият борборунун жетекчиси Ким Сан Ук (Kim Sangug) менен биргеликте маданий долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
– Пусан шаарында Пусан улуттук университетинин жетекчилиги, Пусан глобалдык Чон Ён У (Jeon Yong-woo) менен кийинки жылдары билим берүү, студенттердин гранттык окуулары, тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу сүйлөшүлдү.
– Сеул шаарында Сеул маданий борборунун президенти Сонг Хуэнгжонг (Song Hyeongjong) менен жолугушууда китепкана, музей, театр багыттары боюнча кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты.
Жолугушуулар эки элдин маданий кызматташтыгын бекемдөө, искусство багытында билим берүүнүн жаңы ымаларынын технологияларын колдонуу, биргеликте театралдык коюмдарды даярдоо максатында уюштурулуп, эки тараптуу мадания жана искусство жаатында кызматташуу келишимдерин түзүү пландаштырылды.
