Чүй облусунда Чаа бийдин эстелиги ачылды
Бүгүн, 6-август күнү Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын борбордук аянтында өзгөчө тарыхый окуя болду — кыргыз элинин акылман жана даңктуу инсаны Солто уулу Чаа бийге арналган айкелдин расмий ачылыш аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жергиликтүү тургундар катышышты.
Чаа бий – кыргыз тарыхында терең из калтырган, эл ынтымагын бекемдеген, акылмандыгы, адилеттүүлүгү жана элге кызмат кылуусу менен эскерилип келген тарыхый инсан. Анын таасирдүү образы бүгүнкү күндө дагы улуттук биримдиктин, адилеттүүлүктүн жана мекенге берилгендиктин символу бойдон калууда.
Бийиктиги 3 метр 70 сантиметрди түзгөн, бронзадан куюлган айкел ата-бабалардын даңктуу тарыхына болгон терең урматты жана бул мурасты кийинки муундарга өткөрүү зарылдыгын чагылдырат.
Айкелдин автору – белгилүү скульптор Азамат Абдрахманов. Долбоордун көркөм жетекчиси катары Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жанышбек Жамурзаев катышып, чыгарманын идеялык жана эстетикалык деңгээлде аткарылышына чоң салым кошту.
Бул айкел жаш муундарды улуттун даңктуу инсандарын урматтоого, мекенчилдикке, биримдикке жана адилеттүүлүккө үндөгөн маанилүү тарбиялык символ болуп калды.
