Ош мэриясы
3 июнь
Ошто алгачкы муниципалдык Жаштар борбору ишин баштады
Бүгүн, 3-июнда Ош шаарында биринчи муниципалдык Жаштар борборунун ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага мэр Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, БУУӨП өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Оштогу башкы консулу Роман Свистин, студенттер, жаштар катышты.
Борбор БУУӨПтүн колдоосу менен курулду.
3 кабаттуу имаратта тил курстары, кулинария мектеби, робототехника, шахмат, лидерлик класстары, конференц-зал иштейт. «Арууке» бий ансамбли да ушул жерге көчтү.
Мэр Жанарбек Акаев ачылышта студенттерге кайрылды. Азыр шаарда 13 жаңы сквер курулуп жатканын айтып, ОшМУ, ОшТУ жана ОшКУУнун архитектура-дизайн багытындагы студенттерин 3 скверди өздөрү долбоорлоп ишке ашырууга чакырды.
