Кыргызстандагы телеканалдарга “Кыргызфильмдин” жана “Кыргызсериалдын” казынасындагы тасмалар бекер бериле турган болду
15 январь

Кыргызстандагы телеканалдарга “Кыргызфильмдин” жана “Кыргызсериалдын” казынасындагы тасмалар бекер бериле турган болду

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин аянтчасында, министрдин орун басары Марат Тагаевдин жетекчилиги алдында бүгүн, 15-январда өлкөдөгү бардык телеуюмдардын жетекчилиги жана өкүлдөрүнүн ошондой эле, «Кыргызфильм» жана «Кыргызсериал» мекемелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Жыйында телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси кеңири талкууланды.

Марат Тагаев Кыргыз Республикасынын «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, телерадиоуюмдардын маалыматтык ишинде мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалардын жана берүүлөрдүн жалпы көлөмү прайм-тайм убактысында 60 пайыздан кем болбошу керектигин белгилеп, 2025-жылы жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү.

“Жеке телеканалдар өз стратегиясы менен өнүгүүсүнө тоскоол болбойбуз. Бирок мыйзамдын талаптары, айрыкча кыргыз тили боюнча нормалар сөзсүз сакталууга тийиш. Айрым жеке телеканалдар мыйзамдын талабын аткаруу максатында гана он жыл мурдагы бир кыргызча программаны күн сайын кайра-кайра көрсөткөн көрүнүштөр бар. Алар мындай жол аркылуу мыйзамдын талабын аткарган менен керектөөчүлөрдүн, телекөрүүчүлөрдүн дагы укугун бузуп жатат. Бул телекөрүүчүгө болгон сыйлабастык. Мындай тасма гана көрсөткөн телеканалдар өзүнүн продукциясын өндүрүп чынында иштеп жаткан телеканалдардан жарнамадан түшчү каражаттарды дагы бөлүп кетип жатат”, – деди Марат Тагаев.

Мындан улам Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда иш алып барган бардык телеканалдарга “Кыргызфильмдин” казынасында турган 400дөн ашык толук метраждуу жана документалдуу тасмаларды, 40тан ашык анимациялык мультфильмдерди жана акыркы жылдары “Кыргызсериал” мекемеси тарабынан тартылган 10дон ашык сериалдарды бекер берүүнү чечти.

“Бул иш-аракет 2026-жылы Кыргыз киносунун 85 жылдыгына карата дагы болуп жатат. 2026-жылы биздин телекөрүүчүлөр учурунда Кыргыз керемети аталган тасмалардан баштап, азыркы мезгилге чейинки тасмаларды, казынадагы байлыгыбызды көрүп, жан-дүйнөсүн байытышы керек”, – деди Тагаев.

Кыргызстанда иш алып барган телеканалдар 1,5 айдын ичинде бул мекемелер менен келишим түзүп, контентин толуктоо керек.

Контенттин сапатын жана мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча пландуу текшерүү иштери 2026-жылдын март айында башталат.

Эгерде белгиленген мөөнөттө келишимдер түзүлбөсө, айтылган сунуш эске алынбаса, 2026-жылдын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат.

Учурда Кыргызстанда 42 телеканал иш алып барса, анын экөө — УТРК жана ЭЛТР — мамлекеттик каржылоодо.


Маалымат катары: Министрликтин 2025-жылы 41 лицензиатка пландык текшерүү жүргүзгөн. Аталган текшерүүлөр «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө», «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы №678 токтомуна ылайык өткөрүлгөн.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында лицензиялык контроль жүргүзүү тартибинде белгиленген талаптардын бузулушу аныкталып, 18 телерадиоканалга эскертүү берилсе, 4 субъектке айып пул салынган.