Жылдыз Малдыбаеванын 80 жылдыгына арналган юбилейлик кече өттү
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор, педагог жана өлкөдөгү алгачкы аял композиторлордун бири Жылдыз Малдыбаеванын 80 жылдыгына арналган юбилейлик кече болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында көрүнүктүү пианист Алексей Холодов Жылдыз Малдыбаеванын “24 прелюдиясы жана Токкатасы” чыгармаларын аткарды. Аталган чыгармалар 2025-жылы П.И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы Борбордук музыкалык мектептин концерттик залында жазылган премьердик альбомго кирген.
Ошондой эле концерт башталганга чейин театрдын фойесинде композитордун өмүр жолун жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган “Музыка – тагдырга айланган өмүр” аттуу биографиялык көргөзмө уюштурулду. Анда ар кыл жылдардагы архивдик сүрөттөр, документтер жана мурда коомчулукка сунуштала элек материалдар коюлду.
Юбилейлик кече Кыргызстандын маданият тармагындагы көрүнүктүү инсандын чыгармачылык мурасын даңазалоого жана кийинки муунга таанытууга багытталган маанилүү маданий иш-чаралардын бири болду.
