
Ош шаарында Энелер күнү салтанаттуу белгиленди
16-майда Ош шаарынын мэриясында Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Ош шаардык Кеңештин төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер аялдар катышышты.
Салтанат Аманова өз сөзүндө энелер – тынчтыктын, биримдиктин жана жылуулуктун башаты, коомдун пайдубалы жана үй-бүлөнүн таянычы экенин белгилеп, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин атынан жалпы аялдарды майрам менен куттуктады.
Ошондой эле Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жаш муундарды тарбиялоодогу активдүү ишмердүүлүгү үчүн бир катар энелер баалуу белектер менен сыйланышты. Майрамдык иш-чаранын алкагында Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Өлкөдө "Энелер күнү" ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Ош шаарында азыркы күндө 914гө жакын "Батыр эне", 128 "Эне даңкы" медалынын ээси бар.