Ошто «Александр Пушкиндин жомоктогу дүйнөсү» аттуу даректүү тасманын көрсөтүлдү
«Россия с вами» ресурс борборунда орус тарыхчысы жана маданият таануучусу Анна Эспарсанын «Александр Пушкиндин жомоктогу дүйнөсү» аттуу документалдуу тасмасы көрсөтүлдү. Иш-чара улуу орус жазуучусунун туулганына 225 жыл толушуна карата уюштурулду.
А. С. Пушкиндин чыгармаларынын заманбап чечмелөөсү менен таанышуу үчүн ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун студенттери устаты менен бирге келишти. Алар менен бирге дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун окутуучусу, РГСУнун филиалынын алдындагы «Русский мир» фондунун Орус борборунун жетекчиси Занфира Мискическова болду.
Тарыхчы жана маданият таануучу Анна Эспарса өз тасмасында орус классикалык адабиятынын улуу өкүлү Пушкиндин өмүр жолундагы анча белгилүү эмес, бирок маанилүү фактылар тууралуу айтып берди. Ошондой эле анын көптөгөн чыгармаларынын жаралышына таасир эткен тарыхый окуяларга токтолду.
Изилдөөчүнүн пикиринде, Пушкиндин жашоосунда өзгөчө орунду анын тарбиячысы Арина Родионовна ээлеген. Ал бала кезинде айтып берген жомоктор кийинчерээк Пушкиндин чыгармаларына негиз болуп, бүгүнкү күнгө чейин окурмандарды суктантып келет.
«Улуу Пушкин бардык жагынан улуу болгон: анын өмүрү кыска болсо да, абдан мазмундуу болгон. Анда сүйүү, интригалар, чыгармачылык жана орус тилине болгон чыныгы берилгендик айкалышкан. Пушкин – биздин баарыбыз, жана эки кылымдан ашык убакыт өтсө да, анын ар бир саптарынан жаңы маанини таба беребиз», – деп белгиледи Анна Эспарса.
Документалдуу тасманы көргөндөн кийин студенттер өз таасирлери менен бөлүштү. Алар Александр Пушкиндин жакшы тааныш жана сүйүктүү чыгармалары тууралуу жаңы фактыларды жана өзгөчө интерпретацияларды ачышканын айтышты.
