Канададагы эл аралык кинофестивалда «От» тасмасы өзгөчө сыйлыкка ээ болду
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги сыймыктануу менен билдирет: режиссер Радик Эшимов тарткан «От» (кыргызчадан которгондо – «Огонь») аттуу көркөм тасма Монреаль шаарында (Канада) өткөн дүйнөгө таанымал Fantasia International Film Festival кинофестивалында Special Jury Mention – калыстар тобунун өзгөчө сыйлыгы менен сыйланды.
Бул – Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу аталган фестивалга катышуу жана ошол эле учурда дароо эл аралык таануулукка жетишүү. Мындан тышкары, тасма Квебек киносынчылар ассоциациясынын (AQCC) атайын сыйлыгына ээ болуп, кыргыз киносунун дүйнөлүк аренадагы көркөм деңгээлинин жогору экендигин дагы бир жолу тастыктады.
«От» тасмасы айылдагы үйдө болгон түнкү өрт тууралуу баяндайт. Окуянын күбөлөрү – кошуна, жубайы жана апасы – ар бири өз көз карашы менен болгон окуяны сүрөттөшөт. Тасмада «Рашомон эффектиси» деп аталган көркөм ыкма колдонулат, ал болмуштун чындыгы ар бир адамдын субъективдүү кабылдоосуна жараша өзгөрөрүн чагылдырат. Фильм кайгы, эстелик жана адамдык мамилелер сыяктуу терең темаларды камтыйт.
Тасма 1.1 Studio тартылса, фестивалга Кыргыз Республикасынын Кинематография департаменти тарабынан жөнөтүлгөн. Башкы ролдорду Айсанат Эдигеева, Омурбек Израилов жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Калича Сейдалиева аткарышкан.
