Сот "Сүрөтчүлөр үйү" маселесинде Бишкек мэриясын колдоду
29 апрель

Сот "Сүрөтчүлөр үйү" маселесинде Бишкек мэриясын колдоду

Бишкек шаарынын мэриясы "Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин Бишкек шаарынын мэриясына каршы берген доо арызын кароонун жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүнү  билдирет.

2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек административдик соту "Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу" коомдук бирикмесинин Бишкек шаардык мэриясына каршы доо арызын канааттандырган жок.

Ошондуктан, мэриянын 2026-жылдын 23-февралындагы  №52 "Муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдалануу маселелери жөнүндө" токтому күчүндө калтырылды жана күчүндө.

Мындан тышкары, соттун 2026-жылдын 29-апрелиндеги аныктамасы менен аталган жер тилкесине карата кандайдыр бир аракеттерди жасоого тыюу салган, мурда кабыл алынган камсыздоо чаралары жокко чыгарылды.