Мирбек Мамбеталиев "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун жаш таланттары менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Үмүт-Надежда" балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын кабыл алды.
Министр өз сөзүндө социалдык тармактардан Айбек Тенизбаевдин ырдаган, Лидия Филатованын пианино ойногон жана Руслан Ахмеровдун бийлеген видеосун көрүп, чоң кызыгуу пайда болгонун баса белгиледи. Ошондой эле таланттуу жаштардын өнүгүүсүнө шарт түзүү маанилүү экенин белгилеп, музыкалык окуу жайларда билим алууга, чыгармачылык өнүгүүнү улантууга чакырып, ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Министр балдарга жаратмандыкка болгон ынтызарлыгын өчүрүп-бойкотпой, мындан ары да шыктана өнүгө берүүлөрүн каалады.
