Бишкекте бий, спорт жана маданий ар түрдүүлүктү бириктирген ири эл аралык иш-чара өтөт
29 апрель

Бишкекте бий, спорт жана маданий ар түрдүүлүктү бириктирген ири эл аралык иш-чара өтөт

Бишкек шаарында 5–7-июнь күндөрү XI International Dance Olympiad of Central Asia — бий, спорт жана маданий ар түрдүүлүктү бириктирген ири эл аралык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Олимпиадага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 5000ден ашуун катышуучу келип, классикалык жана элдик бийлерден тартып заманбап жана эстрадалык багыттарга чейинки ар түрдүү стилдерде өз өнөрлөрүн тартуулашат.

XI International Dance Olympiad of Central Asia – эл аралык тажрыйба алмашуу, жаңы таланттарды ачуу жана кесиптик өсүү үчүн уникалдуу аянтча болуп саналат. Катышуучулар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, кесипкөй калыстар тобунун баасын алып, жаңы деңгээлге көтөрүлүүгө шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, Олимпиада өткөн жылдар аралыгында Борбор Азиядагы алдыңкы бий платформаларынын бири катары таанылып, миңдеген таланттарды жана чыгармачыл жамааттарды бириктирип келет.

Эске салсак, иш-чара КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы колдоосу менен уюштурулууда.