Манас шаарында жаштар форуму өтөт. Ага 3 миңге жакын адам катышат
6 апрель

Манас шаарында жаштар форуму өтөт. Ага 3 миңге жакын адам катышат

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 9-апрелде “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад” аталышындагы ири жаштар форуму өткөрүлөт. Бул маанилүү иш-чара мамлекеттик колдоонун негизинде «Кыргызстан жаштар кыймылы» тарабынан уюштурулууда.

Форумдун негизги максаты – аймактагы жаш лидерлерди бириктирүү, алардын идеяларын колдоо жана билим берүү, спорт, ишкердик жана жарандык активдүүлүк багыттарында өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларынан келген 100дөн ашуун активдүү жаш лидерлердин катышуусунда жолугушуулар өтүп, тажрыйба алмашуу жана жаңы демилгелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Форумдун бир нече багытта өткөрүлөт:

1. Жаш мугалимдер үчүн билим берүү форуму

2. Жаш ишкерлер үчүн бизнес-форум жана стартап талкуулары

3. Окуучулар үчүн кесипке багыт берүү иш-чарасы

4. Студенттер арасында футбол турнири

5. Окуучу кыздар арасында волейбол мелдеши

6. “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну

Бул форум – жаштар үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, идеяларын ишке ашырууга жана келечекке ишенимдүү кадам таштоого чоң аянтча болуп берет.