«Бейиш: апама кат» тасмасы 2026-жылы көрүүчүлөрдүн назарына тартууланат
Белгилүү режиссер Руслан Акундун «Бейиш: апама кат» тасмасынын экинчи бөлүгүн тартуу иштери башталды. Бул тууралуу Руслан Акун билдирди.
Тасма тартуу иштери учурда Жалал-Абадда жүрүүдө.
Эске сала кетсек, «Бейиш – эненин таманында» кыргыз тасмасынын премьерасы былтыркы жыдын мартында болгон. Тасма психикалык өнүгүүсү артта калган 35 жаштагы адамдын жана анын 75теги апасынын Меккеге сапарын баяндайт.
Картина Кыргызстанда гана эмес, бир катар чет өлкөлөрдө да көрүүчүлөрдү топтой алган – Казакстанда, Россияда, Өзбекстанда жана Малайзияда. Коңшу Казакстанда тасма прокатка чыккан төрт күндүн ичинде 1 миллион доллардан ашык акча чогултуп, кассадан биринчи орунду ээлеген.
