"Караван-Инфо Кыргызстан" агенттиги Маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды
11 декабрь

"Караван-Инфо Кыргызстан" агенттиги Маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 11-декабрда  жыл жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүп, Кыргызстандын маалымат мейкиндигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

"Караван-Инфо Кыргызстан" маалымат агенттиги жаңылыктарды өз убагында чагылдырууга жана коомчулукка калыс маалымат берүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамотасы ыйгарылды.

Бул сыйлык жаш, тез өнүгүп келе жаткан маалымат каражатынын жетишкендиктерин олуттуу таанууну билдирет.