Маданият министрлиги ЖМК өкүлдөрүнө ведомстволук сыйлыктарды тапшырды
11 декабрь

Маданият министрлиги ЖМК өкүлдөрүнө ведомстволук сыйлыктарды тапшырды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бүгүн, 11-декабрда жылды жыйынтыктоого арналган жолугушуу өткөрүп, өлкөнүн маалымат мейкиндигин өнүктүрүүгө салым кошуп келе жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ведомстволук сыйлыктарды ыйгарды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Тактап айтканда, ЖМК бир катар кызматкерлери өздөрүнүн адистик чеберчилиги, жоопкерчиликтүү иши жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Ыраазычылык кат” “Ардак грамота” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр медиа тармагында эмгектенген кызматкерлердин ыкчам жана ишенимдүү маалымат жеткирүүдөгү ролун, коомчулук менен иш алып барууда жоопкерчиликтүү мамилеси жана кесипкөйлүгү мамлекеттик органдардын ачыктыгын камсыздоодо маанилүү экенин белгилеп, ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.