Кыргызстан жана Австрия маданият тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Австрияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев өлкөнүн алдыңкы маданий мекемелерине барып, алардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, Вена шаарындагы Музыка жана аткаруучулук искусство университетинин ректору Ульрике Сих, ошондой эле Австрия Республикасынын Дүйнөлүк музейинин директорунун орун басары Кристиан Шикльгрубер менен сүйлөшүүлөр болду.
Жолугушууларда эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу, ошондой эле маданият жана искусство тармагында жаштарды даярдоо жана окутуу маселелери талкууланды.
Министр Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасы 1992-жылдан бери өнөктөш өлкөлөр экенин белгилеп, маданий байланыштарды сактоо жана кеңейтүү эки тараптуу диалогдун ажырагыс бөлүгү экенине өзгөчө көңүл бурду. Маданий баалуулуктарга жеткиликтүүлүк, музей жана аткаруучулук искусствону өнүктүрүү, чыгармачыл жаштарды колдоо, ошондой эле маданият тармагына заманбап технологияларды киргизүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.
Кыргыз тарап австриялык тажрыйбаны мыкты практикалардын баалуу булагы катары пайдаланууга кызыкдар экенин билдирип, эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн биргелешкен маданий иш-чараларга катышуусун камтыган кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин ырастады.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалог үчүн өз ара ыраазычылык билдирип, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө умтулуусун ырасташты.
