Ош шаарында китеп фестивалы өттү
Ош шаарында 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата "КитепФест -2025" фестивалы болуп өттү.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин депутаттары, маданияттын ардактуу кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Фестивалдын алкагында А.Навои эс алуу багында жана Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында "Окурман Ош" жарманкеси уюштурулуп, шаар тургундары үчүн кыргыз адабиятынын жаңылыктары, жаңы котормолор, дүйнөлүк бестселлерлер ж.б. жаңылыктар менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк жаралды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле "Китепканага китеп белек кылыңыз" акциясы өтүп, залкар жазуучу жана белгилүү акындардын чыгармаларынан үзүндүлөр айтылып, төкмө акындардын жана манасчылардын коштоосунда жандуу концерттик программа тартууланды.
Фестиваль Улуттук адабиятыбыздын барагында катылган улуттук маданиятты барктоо, каада-салттарды сактоо, келечек муунду тарбиялоо максатында өткөрүлдү.
