Каада-салт, кол өнөрчүлүк жана улуттук ашкана: «Бишкек Ордо» VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы сынактарга катышты
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кыргыз элинин улуттук каада-салтын, элдик өнөрүн, кол өнөрчүлүгүн жана маданиятын сактоого жана кеңири жайылтууга багытталган бир катар сынактар өткөрүлдү.
Сынактардын программасына Бишкек шаарынын мэриясы да катышты. «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасында Кыргыз Республикасынын борборун тааныткан «Бишкек Ордо» боз үй комплекси жайгаштырылды.
Маанилүү иш-чаралардын бири «Мыкты кыргыз боз үйү» сынагы болду. Анда салттуу кыргыз боз үйлөрү тигилип, алардын жасалгаланышы, ички жабдуулары, улуттук каада-салттарды билүү деңгээли жана боз үйдүн салттуу жасалгалоо өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
«Улуттук каада-салт» сынагы кыргыз элинин үрп-адаттарына, каада-салттарына жана ырым-жырымдарына арналды. Этношаарчанын коноктору үчүн «Түндүк көтөрүү» аттуу театралдаштырылган оюн-зоок программасы уюштурулду.
«Уз-уста» сынагында чеберлер элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн тартуулашса, «Көчмөн даамы» сынагынын алкагында көчмөн элдердин улуттук тамак-аштары сунушталды.
Сынактардын бардык багыттары белгиленген критерийлерге ылайык калыстар тобу тарабынан бааланды.
Бишкек шаарынын мэриясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасына катышуусу борбор калаанын маданиятын, улуттук каада-салтын жана тарыхый-маданий мурастарга аяр мамилесин татыктуу деңгээлде таанытууга мүмкүнчүлүк берди.
