Бишкекте Азербайжандын улуу композитору Узеир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык концерт өттү
Бишкекте А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 23-апрелде Азербайжандын улуу композитору Узеир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык концерт тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Азербайжан Республикасынын Маданият министринин орун басары Мурад Фарид оглы Гусейнов, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, искусство ишмерлери, ошондой эле классикалык музыка сүйүүчүлөр катышты.
Классикалык концерт Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин коштоосунда өтүп, Азербайжан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эйюб Кулиев дирижёрлук кылды.
Музыка кечесинде Азербайжан элинин улуу композитору Узеир Гаджибейлинин, Муслим Магомаевдин чыгармалары, “Аршин мал алан” операсынан үзүндүлөр аткарылып, кыргыз композитору Калый Молдобасановдун “Эмгек бийи” жаңырды.
Ошондой эле, концерттин жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Хайям Мустафазаде, Наргиз Каримова жана Фатима Жафарзаде, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Салима Маматова, Мурат Дербишалиев өз өнөрлөрүн тартуулады. Оркестрдин коштоосунда фортепианодо Саида Тагизаде кол ойнотуп, жагымдуу чыгармаларды аткарды.
Узеир Гаджибейлинин 140 жылдыгына арналган симфониялык концерт Азербайжандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында өттү.
