“Кыргыз руху” ансамблине 20 жыл: Айбек Жунушалиев маараке менен куттуктады
Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз руху” фольклордук ансамблинин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышып, «Кыргыз руху» ансамблинин жамаатын куттуктап, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Коноктор үчүн концерт уюштурулуп, ансамблдин мыкты номерлери: «Санат ыры», «Сен дүйнө», «Өмүр», «Алымкан», «Апалар үчүн жан курман», «О кыздар», «Арзыкан», «Алтынчы күнү кечинде», «Атаганат десенчи» аттуу номерлер аткарылды.
Белгилей кетсек, 2005-жылы 7-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын алдында “Кыргыз руху” фольклордук ансамбли түзүлгөн. Топтун курамында 14 таланттуу ырчы, комузчу, аткаруучу, композиторлор бар. «Кыргыз руху» фольклордук ансамбли түзүлгөндөн бери бардык республикалык жана шаардык маданий иш-чараларга активдүү катышып келет.
