2026-жылга чыгыш календары боюнча астрологиялык төлгө
Чычкан – быйыл сиз кыйын абалга түшүп калбоо үчүн сак болушуңуз керек. Айрыкча жылдын биринчи жарымында авантюралык демилгелерден жана укмуштуу окуялардан качуу сунушталат, анткени алардын аягы жакшы болбой калышы мүмкүн. Сынды азыраак айтууга аракет кылыңыз, жубайыңыз, досторуңуз, туугандарыңыз жана ишкер өнөктөштөрүңүз менен талаш-тартышка баруудан карманыңыз. Жай жана күздүн башталышы – жакшы адаттарды үйрөнүү мезгили. Алар сизге жеке мамилелерди курууга жардам берет.
Уй – жашоо жакшырат, иштер өйдөлөйт. Албетте, баары бир заматта болбойт, бирок жаздан баштап жакшы жакка өзгөрүүлөр сезилет. Жаңы баштаган ишиңиз күзгө жакын жакшы киреше алып келет. Өзгөрүүлөр жеке мамилелерге жана жашаган жериңизге тийиши мүмкүн. Турак жай сатып алуу, ири сатып алууларды жасоо жылдын аягына чейин күтүлөт. Балким, сизге жаккан адам дароо эле оң жооп бербеши мүмкүн, бирок сиз да өжөрлөнүп жатып, сүйүүгө да жетип, үй-бүлө да курасыз.
Жолборс – бул жылы кол куушуруп отуруп алып, кереметти күтпөңүз. Анда эле ийгиликти колдон чыгарып алышыңыз мүмкүн. Тобокелдүү иш-чаралар ийгиликтүү болот, аларды жаздан баштаган жакшы. Жайында саякаттар, таанышуулар, жаңы долбоорлор башты айландырат, эгерде кол куушуруп отуруп албай, аракетиңизди жасасаңыз, күзүндө жыйынтыктары сизди кубандырат. Сизди окууда, бизнесте, ошондой эле сүйүүдө ийгилик күтөт. Бул жылы сөзсүз бир нерсе жасоо жана жаңы нерсе менен алектенүү керек.
Коён – бул жылы кабатырлануунун кереги жок. Жыл сиз үчүн жетиштүү тынч болот. Өзүңүздүн буга чейин жасап келген жумушуңуз менен алек болуңуз, эгер бош болсоңуз, анда жумушка орношуңуз. Күзүндө кирешеңизди көбөйтө аласыз, ошондой эле окуудагы эмгегиңиздин натыйжасын көрөсүз. Карама-каршы жыныстагылардын арасында популярдуулугуңузду жоготпойсуз. Жаңы сүйүү романына кабыласыз же үй-бүлөлүк байланышыңыз бекемделип, жубайыңызга болгон сезимиңиз дагы да күчөшү мүмкүн.
Балык – өзүңүздү бир аз жөнөкөй алып жүрүңүз. Өзүнө өтө эле ишенип алуу жетекчилик жана таасирдүү адамдар менен пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн. Эгерде өткөн жылы сизге “эшикти сыртынан жаптырышпайт” деп ишенсеңиз, анда бул жылы баары бир аз башкача болот. Чыр-чатактан кача билсеңиз, жетишилген позицияларды жана кирешелерди сактап кала аласыз. Жеке мамилелерди бекемдөөнү улантыңыз.
Жылан – сергек болушуңуз керек. Бул жылы бардык нерседе этият болуу талап кылынат, өзгөчө сүйүү чөйрөсүндө, анткени бул жаатта айрыкча жылдын биринчи жарымында олуттуу кыйынчылыктар күтүлөт. Бул ар кандай окуяларга бай мезгил, ошондуктан терс учурларды жеңүү жана сезимдерди сактап калуу үчүн сизден акылмандык талап кылынат. Дүйнө таанымыңызды өзгөртүү менен күзгө чейин мамилелерди калыбына келтире аласыз, эгер учурда мамилешиңиз жок болсо, анда бул жылы түгөйүңүздү табасыз. Күздө турак жай шарттарын жакшыртуу да мүмкүн.
Жылкы – сиздин жылыңыз келди, ошондуктан жаңы күч-кубаттын жана энергиянын агымын, жаңы пландардын пайда болушун күтө бериңиз. Жыл карьерада, окууда, бизнести кеңейтүүдө жана жеке жашоону курууда ийгиликтүү болот. Бирок чыдамкайлык керек. Жаңы жашоонун пайдубалын түптөп жатып натыйжаларды тезирээк алгыңыз келет, бирок жашоо деген процесс, башталган иштердин жыйынтыгы кийинки жылдары көрүнүшү мүмкүн.
Кой – чоң өзгөрүүлөр күтүлбөйт жана жашоо өз нугу менен кете берет. Бул жылдын жай айларында жагымдуу сюрприздерди күтсөңүз болот. Күтүлбөгөн кирешелер, сатып алуулар болушу мүмкүн. Көңүл ачуучу саякаттар жана жолугушуулар жеке жашоону жандандырат. Жаныңызда сиз каалаган убакта таяна ала турган адам болот. Түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр 2027-жылы, сиздин жылыңыз келгенде орун алат, азырынча жашоонун тынч агымынан ырахат алып, күч топтоңуз.
Маймыл – жылдын башы бир аз кызыксыз болушу мүмкүн, бирок жаздан баштап чыгармачылык потенциалыңызды ишке ашырууга жана кирешеңизди көбөйтүүгө мүмкүндүк берген абдан пайдалуу жумуш таба аласыз. Көңүл ачуу жана сүйүү мамилелеринде сабырдуу болушуңуз керек. Тобокелдүү иштер толук ийгиликтүү аяктабашы мүмкүн. Учурдагы мамилелерди сактасаңыз, карьераңызда же өз бизнесиңизде бийиктиктерге жетесиз.
Тоок – бул жыл сизге толугу менен жагат. Жылдын башында бир аз тынчсызданышыңыз мүмкүн. Айланаңызда болуп жаткан өзгөрүүлөр сиздин же жакындарыңыздын ден соолугуна таасир этиши ыктымал. Убагында жардамга келип, ден соолугуңузга көңүл бурсаңыз, кыйынчылыктарды тез эле жеңип, үй-бүлөңүздү, бизнесиңизди өнүктүрө аласыз.
Ит – сиз баарына ыраазы болушуңуз керек, анткени бул жыл сиз үчүн, айрыкча жеке иштерде абдан ийгиликтүү болот. Эгер жүрөгүңүз бош болсо, жаздын аягында же жайдын башында түгөйүңүздү издеңиз, а эгер мамиледе болсоңуз, анда үй-бүлө куруңуз. Бул жылы жакшы эс алууга мүмкүнчүлүк болот. Үй-бүлөңүз менен эс алууга барыңыз. Үй-бүлөңүздү кеңейтүүнү да пландаштырсаңыз болот. Жумушта туруктуулук орнойт.
Доңуз – жылдын биринчи жарымында өзүңүздүн эмоцияларыңызды кармап, башкаларды кыжырдантпаганга аракет кылыңыз. Этиятсыз сөздөр, кескин сын үй-бүлө мүчөлөрү, достор жана сүйүктүү адамыңыз менен болчу чыр-чатакка алып келиши ыктымал. Ачууланып эшикти тарс жаап чыгып кетсеңиз, ишенимдүү мамилелерди кайрадан калыбына келтире албай калышыңыз мүмкүн. Жылдын экинчи жарымы тынчыраак болоору күтүлүүдө. Бул убакта жумуш менен алектенип, энергияңызды жаратуучу багытка буруңуз, ал эми 2027-жылы сүйүүдө да, каржыда да ийгиликке жетесиз.
Астротөлгөнүн автору – астролог жана психолог Андрей Рязанцев
INASTROS эл аралык астрологдор уюмунун мүчөсү, ОППЛнын толук укуктуу мүчөсү
WhatsApp. + 996 555 525052 e-mail: andrey_ar@mail.ru
