«Nomad» триосу «Интервидение-2025» сынагында экинчи орунду ээледи
21 сентябрь

«Nomad» триосу «Интервидение-2025» сынагында экинчи орунду ээледи

Москва шаарында эл аралык музыкалык сынак «Интервидение-2025» жыйынтыкталды.

Аталган престиждүү иш-чарада «Nomad» триосу Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.

Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.

Кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.