КРдин БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Жерди коргоого арналган көргөзмө ачты
23 апрель

КРдин БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Жерди коргоого арналган көргөзмө ачты

Эл аралык Жер-Эне күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлчүлүгү «Жердин Үнү» аттуу көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышын өткөрдү.

Көргөзмө Борбор Азиядан келген жаш жаратмандар жана алардын устаттары тарабынан жаратылган чыгармачылык иштерди сунуштап, климаттын өзгөрүшү, туруктуу өнүгүү жана тынчтыктын өз ара байланышын чагылдырат. Аталган тема климаттык өзгөрүш жаатындагы учурдагы эл аралык күн тартиби менен үндөшүп, экологиялык көйгөйлөрдүн глобалдык туруктуулукка тийгизген таасирин жана муундар аралык диалогдун зарылдыгын баса белгилейт.

Көргөзмөнүн ачылышында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө жаратылыш алдында жана келечек муундар алдында жамааттык жоопкерчиликти терең түшүнүүнүн маанисине токтолду. Ал ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышына каршы чараларды көрүүнүн, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушун жайлатуунун жана планетаны коргоо үчүн жетиштүү каржылоону камсыздоонун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Бул көргөзмө Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык деңгээлде экологиялык туруктуулуктун принциптерин илгерилетүүгө багытталган аракеттерин колдойт. Эскерте кетсек, өлкөдө тоо экосистемаларын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана “жашыл” экономикага өтүү боюнча бир катар мамлекеттик программалар ишке ашырылууда.