Кочкордо “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондусунун аржылоосунда этно-комплекс ачылды
22-декабрь күнү облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиеванын катышуусунда Кочкор районунда “Кочкор Ак боз үйү” этно-комплекси ачылды.
Бул долбоор “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы сметалык баасы 10 миллион сомду түздү.
Маалымат үчүн айтып өтсөк, 2025-жылы Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы 75 социалдык-экономикалык долбоорлор каржыланган. Анын ичинен туризм тармагына 8 долбоор колдоого алынган.
