Ошто залкар акын Жолон Мамытовдун эстелиги ачылды
28 май

Ошто залкар акын Жолон Мамытовдун эстелиги ачылды

Ош шаарында 28-майда залкар акын Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесине карата чоң маданий иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Анын алкагында шаардагы Ак-Тилек кичирайонунда Жолон Мамытов атындагы аллеянын жана акындын эстелигинин расмий ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, акындын жубайы Меңди Мамазаирова, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму тарабынан чакырылган ардактуу коноктор, шаар тургундары жана маркумдун жакындары катышты.

Акынга арналган эстелик анын 85 жылдык мааракесинин алкагында тургузулуп, анын чыгармачылык мурасын түбөлүккө сактап калуу максатын көздөйт.

Жолон Мамытов 1940-жылды 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунунун Төлөйкөн айылында жарык дүйнөгө келген. Ал кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүү акыны. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин белдүү жетекчилеринен, жаш калемгерлердин насаатчыларынан болгон.