Театр тармагында жаңы бийиктиктерге кадам: “ART ДИАЛОГ” форуму
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен “ART DIALOG” улуттук форуму театр жана оюн-зоок тармагындагы учурдагы абалды талдоо жана өнүктүрүү багыттарын аныктоо максатында өттү.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, республикалык жана региондук театрлардын директорлору жана маданий эксперттер катышып, тармактын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.
Форумда төмөнкү негизги багыттар белгиленди:
- 2026-жылды “Театр жылы” деп жарыялоону сунуштоо;
- Театрлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана оңдоо;
- Башкаруу системасын оптималдаштыруу жана кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулатылышы;
- Репертуардык саясатты жаңылоо, балдар жана жаштар үчүн атайын программаларды ишке киргизүү;
- Абонементтик системаны иштеп чыгуу жана заманбап маркетинг ыкмаларын колдонуу;
- Кесиптик даярдыкты жогорулатуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү;
- Иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын план түзүү.
Форумдун сунуштары Министрликтин көзөмөлүнө алынып, 2026-жылдагы форумда отчёт берилет.
Министрлик театр тармагын өнүктүрүүгө багытталган реформаларды активдүү жүргүзүп, маданияттын жана руханий байлыктын өнүгүүсүнө салым кошууну улантат.
