Бишкекте кыргыз-корей достук фестивалы өттү
16 май

Бишкекте кыргыз-корей достук фестивалы өттү

Бишкектеги  №2 орто мектебинде бүгүн, 16-майда "Кыргыз-корей достук фестивалы" өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

2003-жылдан баштап мектепте Кыргыз-корей достугунун фестивалын өткөрүү жакшы салтка айланган. Анда мектеп окуучуларынын корей маданиятына, тарыхына, тилине, каада-салттарына, спорттун улуттук түрлөрүнө болгон кызыгуусу чоң экени көрсөтүлгөн.

Үч жыл катары менен мектептин базасында волонтер – студенттер жайкы лагерди өткөрүп келишет, бул лагер балдар арасында чоң кызыгуу жаратууда.  

Бул жылдар аралыгында жүздөй окуучу корей элинин улуттук спорт түрлөрүнүн маданияты, тили, каада-салты менен таанышты.  

Мектепте корей тилин үйрөнүү 2001-жылдан бери Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда, Корея Республикасынын Бишкек шаарындагы Билим берүү борбору менен №2 мектептин ортосунда,  Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдында түзүлгөн маданий келишимдин негизинде жүргүзүлүп келет.

Учурда корей тили 3-класстан 11-класска чейин окутулат.