Мирбек Атабеков, легендарлуу “Ялла" тобу. Баткенде эл аралык ыр майрам өтөт
28 май

Мирбек Атабеков, легендарлуу “Ялла" тобу. Баткенде эл аралык ыр майрам өтөт

Баткенде 31-майда эл аралык "Ыр майрам" өтөт, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгү.

Бул кылым карыткан жакын кошуналар — кыргыз-өзбек-тажик элдеринин достугун даңазалаган чоң майрам.

Майрамдын алкагында гала концерт коюлуп, анда үч өлкөнүн белгилүү ырчылары таланттарын тартуулашат.

Кыргызстандан: Саламат Садыкова, Роза Аманова, Мирбек Атабеков, Аскат Мусабеков, Миргүл Асаналиева, Нурлан Насип, Алишер Тоотаев жана башка таланттар.

Өзбекстандан: легендарлуу “Ялла" тобу, Севинч Муминова баштаган таланттар.

Тажикстандан: Дилноза Каримова, Хасан Камол, Шерози Камол баштаган ырчылар катышат.

Ошондой эле салтанатты белгилүү бийчилер топтору көркүнө чыгарат.

Иш-чара Баткен шаарынын борбордук стадионунда өтөт. Башталышы саат 20:30.